Xbox One

Xbox One.

Xbox OneMicrosoft тарабынан иштелип чыккан үй видео оюн консолунун сегизинчи муундагы чыгарылышы. 2013-жылдын май айында жарыялаган консол Xbox 360тын мураскери жана Xbox үй-бүлөсүндөгү үчүнчү консол болуп саналат. Ал биринчи жолу Түндүк Америкада, Европанын айрым бөлүктөрүндө, Австралияда жана Бразилияда 2013-жылы ноябрда чыкса, Жапонияда, Кытайда жана башка Европа өлкөлөрүндө 2014-жылдын сентябрында жарык көргөн. Ал Кытайда, өзгөчө Шанхай Эркин соода аймагында жарык көргөн биринчи Xbox оюн консолу болуп саналат. Microsoft түзмөктү "баары камтылган оюн-зоок системасы" катары пулдаган. Xbox One чыгарылышы негизинен Sony'нин PlayStation 4үнө, Nintendo'нун Wii U менен Switch'ине каршы атаандашат.

Өзүнөн мурдагы PowerPC'ге негизделген архитектурадан оолак болгон Xbox One түп нуска Xbox'то колдонулган x86 архитектурасына кайтып барган; ал x86-64 буйрук жыйындысынын айланасында курулган AMD Accelerated Processing Unit (APU) өзгөчөлүктөрүн камтыйт. Xbox One'дын башкаруучусу Xbox 360тагыдан айырмаланып, кебетеси кайра кооздолуп, санарип баскыч жана багыт сезгич болуп жасалып чыккан. Консол булут компүтиңге, коомдук желе өзгөчөлүктөрүнө чоң басым жасайт. Ошондой эле оюндан видео клиптерди же скриншотторду жаздырып алып бөлүшүү, же болбосо Mixer жана Twitch сыяктуу видео көрсөтүү кызматтарына түз көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Оюндарды колдоого алынган Windows 10 түзмөктөрүндө жергиликтүү тармак аркылуу консолдон тышкары да ойногонго болот.

2016-жылы Microsoft Xbox One S деп аталган Xbox One'дын жаңыртылган моделин чыгарган; ал жакшыртылган дизайнга, 4K ойнотууга жана сапат жогорулатууга, HDR10 жогорку динамикалык диапазондук түскө ээ болгон. Xbox One X деп аталган эң кымбат модели 2017-жылдын июнь айында айтылгандай, ноябрда жарык көрмөкчү. Анда негизги жабдыгы жакшыртылып, оюндарды 4K чечилишине ылайыктоого багытталмакчы.

Тарыхы

Шилтемелер