Астеносфера (жаңы лат. asthenosphaera, гр. asthenes - начар жана сфера) - Жердин мантиясынын үстүнкү бөлүгүндөгү катуулук, бекемдик жана илээшкектик касиеттери төмөнүрөөк болгон катмар. Биринчи жолу 1914-жылы америкалык геофизик Ж. Барелл болжолдогон, 1951-жылы Б. Гутенберг сейсмологиялык жол менен тактаган. Ал континенттерде жер бетинен 200 км, океандардын түбүнөн 100 км тереңдикте орун алып, төмөнкү чеги 150-200 кмге жетет. Астеносферада сейсмдик толкундар башка катмарларга салыштырганда жайыраак тарай тургандыгы геофизикалык изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган. Астеносфера жанар тоолордун пайда болуусуна жана жер кыртышындагы тектоникалык кыймылдарга себеп болот.