Балатон көлү - Венгриядагы көл. Орто Дунай түздүгүндө, Баконь тоосунун түштүк-чыгыш этегинде. Тектоникалык процесстин таасиринен пайда болгон. Аянты 598 км1, уз. 77 км, тереңдиги 11 мге чейин. Жээги негизинен жапыз, айрым бөлүгү саздуу. Көлдөн Шио дарыясы агып чыгып, Дунай дарыясына куят. Кеме жүрөт. Балык кармалат. Балатон көлүнүн айланасында белгилүү курорттор көп. Жээгинде Шиофок, Кестхей шаары жайгашкан. Тихань ландшафт коругу, Кишбалатон резерваты бар.