Бартер - (англ. barter) акча жана валюта каражаттарын колдонбостон, товарды товарга алмаштыруу. Бартер валюта проблемасынан (чет өлкөлүк валютанын тартыштыгы, улуттук валютанын туруктуу эместиги ж. б.) келип чыгат. Эларалык валютанын өтүмдүүлүгү эл аралык соодада бартердик бүтүмдүн үлүшүн көбөйтөт.