Бухарест

Бухарест
рум. București
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Румыния

примар

Сорин Опреску

Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген

149

Аянты

238

Бийиктиктиги

75

Калкы
Калкынын саны

1 883 425 (2011)

Жыштыгы

7913,55 адам/км2

Улуттук курамы

румындар, цыгандар, венгрлер, еврейлер, кытайлар

Этнохроним

бухаресттик, бухаресттиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+2

Телефон коду

(+40) x1

Почта индекси

0xxxxx

Автоунаа коду

B

http://www.pmb.ro/

Бухарест (Букуре́шть, Букарест рум. București, Букуре́шть, ) – Румыния Республикасынын борбор шаары. Төмөнкү Дунай ойдуңунун борбордук бөлүгүндөгү Дымбовица дарыясынын боюнда (45 км аралыкта) жайгашкан. Өз алдынча администрациялык бирдик. Экономикалык жана илимий-маданий борбор. Калкы 1,9млн (2006). Бухарест Дунайдын алабындагы өлкөлөрдү, Борбордук Европаны Кара деңиз, КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштыруучу Трансевропа жолунун кесилишиндеги ири жолдор (7 темир жана бир нече автомобиль жолдор) тоому. Отопени Эл аралык аэропорту бар. Башкы өнөр жай тармактары: машина куруу (транспорт жана айыл чарба машиналары, электро-техникалык, радиоэлектроника өнөр жай жабдыктары), химиялык (пластмасса, шина, лак-боёк, фармацевтика жана башка), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, айнек, фарфор-фаянс, полиграфиялык, түстүү жана кара металлургия, жыгаччылык. Метрополитен, Румыния Илимдер академиясы, тармактык академиялар, университет жана башка ЖОЖдор, музей, театр, «Антенеум» (19-кылым; учурда филармония) бар. Азыркы аталышы менен 14-кылымдан белгилүү. Дымбовица дарыясынын сол жээгинде эски шаар, монастрь, чиркөөлөр (Михай-Водэ, Патриаршая, Крецулеску; 16–18-кылым), Республикасы ак сарай сакталган. «Скынтейя» үйү (1948–53), опера-балет театры, Чишмиджиу, Эркиндик, 23-август парктары жана эс алуу жайлары бар. Борбордук Трансильвания аймагынан куур аркылуу газ жана нефть алат. 1977-жылкы жер титирөөдөн жапа чеккен.

Колдонулган адабияттар