Виртуоз

Виртуоз (италиялык virtuosо, лат. virtus күч, талант, сыймык) – өз өнөрүнүн аткаруучулук чеберчиликтерин өтө мыкты өздөштүргөн музыкант-аткаруучу (артист, сүрөтчү ж. б.). Виртуоз көбүнчө музыкалык аспаптарды кубулта ойноочуларга жана ырчылардын ччыгармачылык чеберчилигине карата айтылат. Мисалы, Токтогул, Атай, Ныязаалы, Айдараалы ж. б. комуз чертүүнүн Виртуоздору болушкан.

Колдонулган адабияттар