Франц Йозеф Гайдн (болжол менен 31. 3. 1732—31. 5. 1809) — австриялык композитор.
Вена классикалык мектебинин өкүлү, аспаптык музыкадагы классикалык стилге негиз салуучу. Оксфорд университетинин ардактуу доктору (1791). Алгачкы симфонияларын 50— 60-жылдары жазган. Гайдндын чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуру 18-кылымдын 80—90-жылдарына туш келет. Ал жылдары белгилуу Париж, Лондон симфонияларын, бир нече оратория, месса ж. б. жаратат. Гайдндын музыкасы терен демократтык мүнөзгө ээ жана элдик чыгаомалар менен тыгыз байланыштуу. Ал көп улуттуу Австриянын муз. фольклорун билгичтик менен пайдаланган. 1798-ж. «Дүйнөнүн жаралышы», 1801-ж. «Жыл мезгилдери» операларын жазган. Гайдн 24 опера, 3 оратория, 14 месса ж. б. диний чыгармалар, 104 симфония, 41 фортепьянолук трио, квартет, увертюралар, түрдүү муз. аспаптар үчүн концерт калтырган.