Канада калканы – Түндүк Америка платформасынын Түндүк бөлүгүн, Гренландияны дээрлик бүт кучагына алган, кембрий мезгилине чейинки бүктөлгөн фундаменттин жер бетине чыгып калган урчугу. Тоо тектери өтө күчтүү метаморфизмделген, граниттешкен.
Колдонулган адабияттар
“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9