Квас – кара буудай унуна же кургатылган нанына кара буудай жана арпа угутун, кант жана суу кошуп ачытуудан алынган суусундук; алкоголсуз ичимдик. Квастын курамында табигый көмүр кычкыл газы менен сүт кислотасы бар. Алар квастын даамын бир аз кычкылдантып, адамдын организмине керектүү витамин, көмүртек жана микроорганизмдерди пайда кылат. 1 л квас. 840–300 кДж энергия берет. Квас даярдоодо арпа, таруу, жемиш, бал, кант жана түрдүү жыттуу чөптөр, өсүмдүк тамыры колдонулат. Аны жасоо квас ширесин даярдоо, ачытуу, купаждоо, идишке куюу иштеринен турат.