Килиан Мбаппе

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Килиан Мбаппе Лоттен
Жалпы маалымат
Лакап аты Донателло (фр. Donatello)
Төрөлгөн датасы 20 -декабрь 1998(1998-12-20) (25 жаш)
Париж, Франция
Жарандыгы Франция
Бою 178 см
Салмагы 73 кг
Позициясы чабуулчу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Пари Сен-Жермен
Номуру 7
Карьерасы
Жаштар клубдары
2004—2011 Франция желеги Бонди
2011—2013 Франция желеги Клерфонтен
2013—2015 Франция желеги Монако
Клубдук карьерасы*
2015—2018 Франция желеги Монако 41 (16)
2017—2018 Франция желеги Пари Сен-Жермен 27 (13)
2018— Франция желеги Пари Сен-Жермен 129 (118)
Улуттук курамасы**
2014—2015 Франция желеги Франция (17 жашка чейинки) 2 (0)
2016 Франция желеги Франция (19 жашка чейинки) 11 (7)
2017— Франция желеги Франция 66 (36)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Килиан Мбаппе Лоттен (фр. Kylian Mbappé Lottin; 20-декабрь 1998, Париж, Франция) ― француз футболчусу, «Пари Сен-Жермен» клубунун жана Франция курама командасынын чабуулчусу.

2016/17 сезонунда Франция чемпионатынын мыкты жаш футболчусу аталган. 2018-жылдын дүйнө чемпиону жана мыкты жаш футболчу, жылдын француз футболчусу.

Карьера

Клубдук карьера

Профессионалдык карьерасын 17 жашында «Монако» клубунда баштаган. Биринчи жолу 2015-жылдын 2-декабрында Франция чемпионатынын 88-мүнөтүндө "Кан" командасына каршы оюн талаасына Фабиу Коэнтраунун ордуна чыккан. Сегиз күндөн кийин ал Еврокубокто дебют жасап, Европа Лигасынын алтынчы турунда «Тоттенхэмге» каршы ойногон. Бул жолугушууда ал өзүнүн эффективдүү пасы менен өзгөчөлөндү.

2016-17-жылкы сезондо «Монако» Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жеткен. Бул команданын ийгилигине чоң салым кошкон Мбаппе буга чейин Европада таанылып, эски континенттин бир нече гигант клубдары аны өз катарына кошууну каалашарын билдиришкен.

Кийинки сезондо Мбаппе «Пари Сен-Жерменге» ижарага берилген. Эми ал Неймар менен чогуу ойногон. Бирок еврокубоктарда команда 1/8 финалдан ары өтө алган жок. Мбаппе Франция чемпионатында 27 беттеш өткөрүп, 13 гол киргизген. Сезон аяктагандан кийин Париж клубу акыры аны сатып алды.

Улуттук курама

Ал улуттук курамада биринчи жолу 2017-жылы ойногон. 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын 2-турунда Перунун дарбазасына гол киргизип, эсепти ачкан. Ал 1/8 финалда Аргентинанын дарбазасына эки гол киргизген (4:3). Финалда Хорватиянын дарбазасына да гол киргизген.

Мбаппе турнирдин мыкты жаш оюнчусу аталды.

Жетишкендиктер

Командада иштөө

Франция Монако

  • Франция чемпиону: 2016/17

Франция Пари Сен-Жермен

  • Франция чемпиону: 2017/18, 2018/19, 2019/20
  • Франция Лига Кубогу: 2017/18, 2019/20
  • Франция Кубогу: 2017/18, 2019/20
  • Франция Суперкубогу: 2019

Шилтемелер