Куюн – чагылгандуу булуттарда пайда болуп, кара булуттар түркүк же пилдин тумшугу сымал төмөн көздөй таралган атмосфера куюну.
Көпчүлүк учурда жер бетине чейин жетет. Диаметри ондогон жана жүздөгөн м болот. Куюн көпкө созулбайт. Айыл чарбага жана курулушка чоң зыян келтириши мүмкүн. Кургактыктагы куюн тромб деп да аталат.
Торнадо (испанча tornado - куюн) - Түндүк Америкада (өзгөчө Миссисипи д-нын алабында) болуучу катуу куюн шамал. Көбүнчө чоң кыйроолорду алып келет, к. Тромб.