Ле Клезио, Жан Мари Гюстав (Le Clezio, 13. 4. 1940-ж. туулган, Ницца) – франциялык жазуучу. «Протокол» (1963), «Топон суу» (1966), «Terra Amata» (1967), «Согуш» (1970), «Чөл» (1980) жана башка 30дан ашык романдардын, «Мондо» (1978) повестинин, «Диего жана Фрида» китебинин, аңгемелер жыйнактарынын автору. Нобель сыйлыгынын лауреаты (2008).