Люстрация (лат. lustratio – курмандык чалуу менен тазаруу) – 1) ооруга жана ар кандай кырсыктарга каршы диний-магиялык ырым-жырым. Көп элдерде тазарткыч күч отко (адамдарды жана турак жайларды ыштоо), сууга, тузга, темирге жана башка таандык деп эсептелген; 2) укукта – диктатордук, авторитардык режим менен кызматташкан адамдарды аныктоо жана мамлекеттик кызматты ээлөөгө, өкүлчүлүк органдарга шайланууга жол бербөө иш-чаралары.