Мумия (араб тилинде مومياء) , ар кыл себептер менен (маселен, диний, саясий ж.б.) жана ар башка усулдар аркылуу өлгөн кишинин же башка жаныбардын чирүүдөн сакталып коюлган сөөгү.
Бул археологиялык "мумия" сөзүн кыргыз тилинде колдонулган "мумия" же "момия" деп аталган дары-дармек түрү менен чаташтырууга болбойт.
Өлгөн кишинин сөөгүн жакшылап сактап калуу салты – эң байыркы доорлорго жана байыркы кишилердин диний ырым-жырымдарына барып такалат.
Байыркы Египетте (Мысырда) б.з.ч. 1500-жылдарда атайылап катырылган сөөк (мумия) биздин күндөргө сакталып жетти. Байыркы египеттиктер өлгөн кишинин руху аркы дүйнөдө кайра өз денесин табышы ыктымал деген түшүнүккө ылайык өтө мартабалуу кишинин сөөгүн бальзамдап, катырып коюшкан.
Мысырда иттер жана башка үйрөтүлгөн жаныбарлар да мумияланган өрнөктөр табылган.
Мумиялаган ыкмаларда колдонгон технологиялардын айрымдары азыр да илимде толук ачыла элек.
Борбордук Азия элдеринде (Кыргызстандын Баткен аймагында), Алтайда, Кытайдагы Такла-Макан чөлүндө, Африкада, Америкада, ж.б. аймактарда да археологиялык казуу маалында мумиялар табылган.
Африканын бүбү-бакшылар (шамандар) күчүн жогото элек айрым урууларында бүгүн да сөөктү мумияга айлантуу салты байкалган.
Саясий максатта мумияланган сөөктөр да бар, маселен, большевиктер Владимир Лениндин сөөгүн 1924-жылы катырып коюшкан.
1970-жылдардан бери Кыргызстандын Мамлекеттик Тарых музейинде турган көөнө мумия 2017-жылы 14-октябрда шашылыш түрдө Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге жеткирилип, кайра көмүлгөн соң , өлкөдө чоң талкуу жаралды.
Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, музейге алынып келинген. Айрым маалыматтар боюнча ал 4-5-кылымдарга таандык.
Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин айрым коомдук уюмдар жана бүбү-бакшылар көтөрүп чыгышкан. Негедир Кыргызстандын Маданият министрлиги бул маселеде бүбү-бакшыларга жетеленип, 2017-жылы 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып көмүү тууралуу илимпоздор каршы турган чечимди чыгарган.
Мумияны жерге көмүү иш-чарасына айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айрым окумуштуулар катышты. Бирок археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан. Кыргызстандын президенти А.Атамбаев да 2017-жылдын 15-октябрындагы маегинде бул чечимди ката болду деп баалады.
Илимпоздор мумияны Баткен мамлекеттик университетинин чөлкөм таануу музейине же Ош шаарындагы Сулайман Тоо музейине кайра жеткирүү талабын билдиришти.