Сабахаттин Али | |
Sabahattin Ali | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Эгридере |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: |
Кыркларели |
Кол тамгасы: |
Сабахаттин Али (түркчө: Sabahattin Ali) (25.2.1908, Эгридере - 2.4.1948, Кыркларели) - түрк жазуучусу.
Чыгармалары 1928-жылдан жарыялана баштаган. Ырлары элдик ырлардай жатык, аңгеме, повесть, романдары романтикалык жана сын реализминин маанайында жазылып, Түркиянын турмушунун карама-каршылыктарын кенен көрсөтөт: «Тегирмен» (1935), «Үн» (1937) аттуу реалисттик ангеме жыйнактарынын жана «Куюжактык Юсуф» (1936) повестинин автору.
Сабахаттин Али - түрк адабиятында соц. реализмдин жарчысы болгон. 1945-жылдан сатиралык гезит чыгарып турган. Прогрессчил идеялары үчүн куугунтукка алынган. Түркиядан кетеринде киши колдуу болуп өлгөн. Түрк новеллачыларына жыл сайын Сабахаттин Али атындагы адабий сыйлык берилет.