Словен тили - словендердин тили.
Словениядагы ырасмий тилдеринин бири. Славян тилдеринин түштүк тобуна кирет. Австрия, Италия, Словенияга тектеш аймактарына да тараган. Диалектилери 7 топко бөлүнөт.
Байыркы жазма эстелиги Брижин үзүндүлөрү (10-кылымдын аягы 11-кылымдын башы). Адабий тили менен оозеки тилинин ортосунда фонетикалык жана лексикалык маанилүү айырмачылыктар бар. Жалпы словен оозеки тилинин нормалары 20-кылымдын 2-жарымында түзүлгөн. Жазмасы латын графикасынын негизинде.