Тукум

Тукум - ботаника жана зоология илимдериндеги систематикалык категория.

Тукум теги бир, жакын урууларды бириктирет. Мис., эмендер Тукумуна эмен, кара жыгач, каштан ж. б. уруулар, тыйын чычкандар Тукумуна тыйын чычкан, суурлар, ала чычкан ж. б. уруулар кирет. Татаал гүлдүулөр Тукуму өтө көп урууну (1000ге жакын) чанактуулар жана мореналар 500дөн ашык уруу, аламандар жана көңдөй мүйүздүулөр 50-100дөй урууну бириктирет. Ошондой эле эн аз, кээде бир урууну камтыган Тукум да бар. Мис,, өрдөк тумшуктар, кунулар, боз киттер. Ири Тукум тукумчага бөлүнөт. Жакын Тукумдар жаныбарларда түркүмгө, өсүмдүктөрдө катарга биригет.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4