Түндүк Осетия

Түндүк Осетия (осет. Цӕгат Ирыстон, Республикӕ Цӕгат Ирыстон, расмий: Түндүк Осетия—Алания Республикасы орус. Северная Осетия, Республика Северная Осетия—Алания) — Орусия Федерациясынын курамындагы Кавказдагы субъект. Түндүк-Кавказ федерация округуна карайт.

Түндүк Осетия—Алания Республикасы
Өлкө

Орусия

Административдик борбор

Владикавказ

Б.ири шаары

Беслан, Моздок, Ардон

Башчысы

Сергей Меняйло

Расмий тили

Осетин тили

Калкы

680 748

Жыштыгы

85,23 адам/км²

Улуттук курамы

Осетиндер — 66,5%
Орустар — 17,7%
Ингуштар — 3,5%

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

RU-SE

Расмий сайты

Негизги маалымат

Аянты 8 миң км2. Калкы 702,0 мин (2010); элинин негизин осетиндер (62,7%) түзөт. Ошондой эле орустар (% менен; 23,2), ингуштар (3,0), армяндар (2,4), кумыктар (1,8), грузиндер (1,5) ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Адм. борбору Владикавказ ш. Адм.-айм. жактан 8 райондон жана 6 шаардан турат. Шаар калкы 64,3%.

Түндүк Осетия — Аланиянын жайгашуун картасы.

Тарыхы

Түндүк Осетия 1924-ж. 7-июлда Түндүк Осетия автономия облусу, 1936-ж. 5-декабрда Түндүк Осетия АССРи болуп түзүлгөн. 1994-жылдын 12-декабрынан азыркыдай аталат. Чоң Кавказдын түндүк капталында жайгашкан. Түштүгүн бийикт. 4000 жден жогору Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосу менен Каптал кырка тоосу, борбордук бөлүгүн жантайыңкы Осетин түздугү, анын түндүгүн Сунжа жана Терек кырка тоолору, Моздок түздүгү ээлейт. Кен байлыктары: полиметалл, кенташтары, курулуш материалдары, доломит, минералдуу булактар.

Алания 10-12 кылым.

Климаты

Климаты континенттик. Январдын орт. температурасы - 4°С, июлдуку 20-24°С. Жылдык жаан-чачыны 600-1000 мм. Негизги дарыясы - Терек. Түндүк Осетин коругу уюштурулган.

Урух талаасы, Лезгор, ТО-А.

Экономикасы

ИРПнын структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 44,5, иштетүүчү өндүрүшүнүкү 22,4, айыл жана токой чарбасыныкы 15,3, курулуштуку 6,5, газ менен суунуку 2,9, минералдык сырьёну казып алуунуку 0,2. Иштетүүчү өнөр жайдын башкы тармактары: тамак-аш (Россияда өндүрүлгөн жүзүм шарабынын 4,6% , алкоголдуу ичимдиктердин 1,7%), түстүү металлургия, даяр металл буюмдар өндүрүшү, курулуш материалдар, машина куруу, хим. Айыл чарбасында мал чарбачылыгы (сүт-эт багытындагы, кой, үй куштары) өнүккөн. Дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрү, картөшкө жана жашылча өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, бакчылык өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. 5,4 миң км (алардын ичинен 2,5и асфальтталган), т. ж-нуку 0,1. Т. О. Россиядагы туризм менен альпинизм өнүккөн аймактардын бири.

Донифарс, ТО-А.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4