Түштүк уюл – Жердин көңүлдө алынган айлануу огунун Түштүк жарым шарда жер бети менен кесилишкен жери. Антарктидадагы уюл платосунда 2800 м бийиктикте жайгашкан. 1911-жылы Түштүк уюлга Р. Амундсен жетектеген норвегиялык экспедиция 1-жолу жеткен.
Түштүк уюл тегереги – Түштүк жарым шардын 66,5° кеңдигиндеги параллель тегерек.