Фонолит - тоо тек; нефелиндүү сиениттин порфир структурасындагы эффузия түрү.
Курамынын 40-60% ин жегичтүү талаа шпаттары, фельдшпатоиддер, түстүү минералдардан - пироксен (10-20%), амфиболдор (10% ке чейин) түзөт. Анын трахиттүү, нефелиндүү жана лейциттүү түрлөрү бар. Өнү боз, көгүш боз, жашгылт боз жана күрөң. Бардык континенттерде жана айрым аралдарда сейрек кездешет. Ф-тен калий туздарын, алюминий кычкылын алууга болот, ошондой эле курулуш материалы да болуп эсептелет.