Шаляпин Фёдор Иванович

Шаляпин Фёдор Иванович (1873,Казань - 1938, Париж) - орус ырчысы (бас). Республиканын эл артисти (1918).

Бала кезинде архиерей хорунда ырдаган.

  • 1890-жылдан Уфадагы опера труппасында хорго катышкан.
  • 1892-жылдан Тбилиси театрында иштеп, опера ырчысы катары таанылган.
  • 1895-ж. Мария театрында, 1896-99-ж. Москвадагы орус менчик операсында,
  • 1899-1916-ж. Чоң театрда солист. 1918-ж. Мария театрына көркөм жетекчи,
  • 1919-ж. анын директору болгон. Октябрь революциясынан кийин Шаляпин жаңы музыкалык-театр маданиятын курууга катышкан.
  • 1922-жылдан чет өлкөдө жашаган. Орус вокалдык мектебинин көрүнүктүү өкүлү Шаляпин орустун реалисттик музыкалык-драма өнөрүн болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөргөн. Жумшак, жагымдуу үнү аткаруучулук таланты менен шайкеш келип, каармандын ички дүйнөсүн таасын чагылдырган.

Опералык көрүнүктүү партиялары: Сусанин (Глин-ка, «Иван Сусанин»), Борис Годунов, Варлаам жана Досифей (М. Мусоргский, «Борис Годунов», «Хованщина»), Мефистофель (А. Бойто, «Мефистофель») ж. б. Шаляпин – эң көрүнүктүү камералык ырчы. М.Глинканын, Н Римский-Корсаковдун„ Ф. Шуберттин романстарын, орус эл ырларын мыкты пианисттердин, айрыкча С; Рахманиновдун коштоосунда. чебер аткарган. Режиссёр катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.