Экосистема экологиянын негизги функционалдык бирдиги болуп саналат.
Терминди 1935-ж. англиялык окумуштуу А.Тенсли сунуштаган. Бул термин менен белгилүү биотопто жашаган организмдер топтомун белгилеген.
Экосистема – организмдердин жана чөйрө шарттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жыйындысы.
Экосистеманын жандуу организмдери бир бири менен зат жана энергия алмашуу менен өз ара аракеттенишип турушат. Тамактануу жана энергияны топтоо жолу боюнча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор жана миксотрофтор деп ажыратылышат.
Ар бир экосистеманын жандуу компонентинин ичинен азыктануу түрү боюнча организмдердин 3 тобун ажыратса болот: продуценттер, консументтер, редуценттер.
Таза суу экосистемасында жашоочу организмдер 5 формада берилген: