Эл аралык кылмыш-жаза укугу

Эл аралык кылмыш-жаза укугу — мамлекеттердин кылмышты алдын алууда, иликтөөдө жана жаза берүүдө — эл аралык келишимдерде каралган өзгөчө тартипте кызматташууларын жөнгө салуучу ченемдер менен принциптердин тутуму. Эл аралык укуктун мамлекеттин улуттук кылмыш мыйзамдары менен тыгыз байланышкан тармагы.

Эл аралык кылмыш-жаза укугунун өзгөчөлүгү: анын комплекстүү (кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процесстик жана кылмыш-жаза-аткаруу укуктарды камтыйт) мүнөзү; аскер кылмышкерлерине жана адамзатка каршы кылмыштарга мөөнөттүн эскирүүсүн колдонбогондугу.

Эл аралык кылмыш-жаза укугунун өзгөчө булактары эларалык универсалдык жана аймактык келишимдер жана жардамчы булактары (эл аралык трибуналдардын жана улуттук соттордун өкүмдөрү) экени; эл аралык трибуналдын уставдарына эл аралык коомчулук тарабынан таанылган, жасаган учурунда укуктун жалпы принциптерине ылайык кылмыш болуп эсептелген кылмыш акцияларына карата кайтарым күч бергени; мамлекеттин жана юридикалык жактардын кылмыштын өзгөчө субъектери болгону; өзгөчө санкциялар ж.б. болуп саналат. Эл аралык кылмыш-жаза укугунда эл аралык кылмыштар жана эл аралык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчилик аныкталган.

Булактар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7