Осло | |||
норв. Oslo | |||
| |||
Өлкө |
Норвегия | ||
---|---|---|---|
регион |
Чыгыш Норвегия | ||
If:фюльке |
Осло | ||
мэр |
Фабиан Станг | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Биринчи белгиленген |
1048 | ||
Мурунку аталышы |
Асло, Христиания, Кристиания | ||
Аянты |
454 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны |
623 966 (2013) | ||
Жыштыгы |
1374,37 адам/км2 | ||
Этнохроним |
ослолук, ослолуктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы |
+1 | ||
Телефон коду |
+47 22 | ||
http://www.oslo.kommune.no/ |
Осло (норв. Oslo , же ) – Норвегиянын борбор шаары. Кургактыкка терең кирип турган Осло-Фьорддун жээгинде, Акэрсэльв дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 590,4 миң (2011; шаар айланасы менен 1 млн). Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Осло Акерсхус фюлькесинин (административдик-аймактык бирдик) курамына кирет. Шаардын туристтерди кызыктыруучу негизги жайы – фьорддор. Климаты мелүүн, океандык. Кышы жумшак, кар көп жаайт. Январдын Орточо темпрасы –5°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 677 мм.
Шаар 1048-ж. король Харальд Ш Хардерод тарабынан негизделген. 13-кылымдын аягынан норвегиялык королдордун резиденциясы, 1572-ж. Норвегиядагы даниялык королдордун адмененын борбору. 1624-жылкы өрттөн кийин шаар калыбына келтирилип, Кристиания аталып, өлкөнүн расмий борборуна айланган. 1924жылдан азыркы аталышында. Машина куруу (кеме, электр-техникалык, радиоэлектроника ж. б.), тигүү, полиграфиялык өнөр жай ишканалары өнүккөн. Ослодо 19-кылымдын эски курулуштары аз кездешсе, 14–18-кылымдын курулуштары андан да сейрек. Негизинен заманбап курулуштар басымдуу. Акерсхус чеби (14-к.; шаардын тарыхый очогу), барокко стилиндеги собор (17-к.), ратуша сакталган. Мында жыл сайын Норвегия парламенти атайын дайындаган Нобелдик комитет тарабынан «Тынчтыкты чыңдоодогу ишмердиги үчүн» Нобель сыйлыгы тапшырылат. Шаардын батыш бөлүгүндө көптөгөн парктар жайгашкан. Норвегия илимий жана ад-т академиялары, университет (1811), мамлекеттик сүрөт академиясы, музейлер , сүрөт галереясы, театрлар (анын ичинде улуттук, опера ж. б.), консерватория жана китепканалар бар. Ослонун башка борборлордон өзгөчөлүгү – автомобиль жолдорунун жер астында курулганында. Шаар – лыжа спортунун борбору. Ослодо VI кышкы олимпия оюндары (1952) өткөрүлгөн. Ботаникалык бак бар.
БУУга мүчө өлкөлөр: Амстердам • Андорра-Ла-Вилья • Анкара • Афины • Белград • Берлин • Берн • Братислава • Брюссель • Будапешт • Бухарест • Вадуц • Валлетта • Варшава • Ватикан • Вена • Вильнюс • Дублин • Загреб • Киев • Кишинёв • Копенгаген • Лиссабон • Лондон • Любляна • Люксембург • Мадрид • Минск • Монако • Москва • Нур-Султан • Осло • Париж • Прага • Рейкьявик • Рига • Рим • Сан-Марино • Сараево • Скопье • София • Стокгольм • Таллин • Тирана • Хельсинки • Цетине Башка аймактардын борборлору:
Гибралтар •
Дуглас •
Лонгйир •
Мальта сарайы •
Мариехамн •
Сент-Питер-Порт •
Сент-Хелиер •
Торсхавн •
Эпископи
|