Тарыхчы - тарых илимин изилдөө менен алектенген окумуштуу адис.
Байыркы гректер өз тарыхынын атасы катары Геродотту санашкан.
Байыркы кытайлыктардын тарыхынын атасы катары Сыма Цян эсептелет.
Кыргыздын 19-кылымдын акырынан тартып тарых изилдеген окумуштуулары - Зиябидин Магзуни, Осмонаалы Сыдык уулу, Белек Солтоноев болгон.
Тарыхчы кесибин аркалагандар археолог, архив таануучу, булак таануучу, этнограф, этнолог жана башка тармактык кесип ээлери болуп бөлүнүшөт.