Space Exploration Technologies Corp., SpaceX катары иш жүргүзгөн космос кемесин куруучу жана космоско жүк ташуучу америкалык жеке компания. Баш кеңсеси Калифорниядагы Хауторн шаарында жайгашкан. SpaceX 2002-ж. Илон Маск тарабынан космоско жүк чыгаруунун баасын кыскартуу жана Марсты колониялаштыруу мүмкүнчүлүгүн жаратуу максатында түзүлгөн.
2018-ж. февраль айына SpaceX көп пайдалануучу Falcon алып чыгуучу ракеталар үй-бүлөсүн жана Dragon космос кемелеринин үй-бүлөсүн ишке киргизгенге жетишти. Учурда экөө тең Жердин орбитасына пайдалуу жүк жеткизип иштеп жатат.