Адъюнктура - аскердик жогорку окуу жайлар менен илим изилдөө мекемелеринде илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун формасы. Граждандык окуу жайлардагы аспирантуранын аналогу. Адъюнктураны аяктап диссертация коргогондор илим кандидаты деген окумуштуулук даражага ээ болушат.