Лоджия (итал. lodgia – беседка) – имараттын жалпы көлөмүнө кирген, сырткы мейкиндиктен арка, колоннада же парапет менен тосулган, жабылма балкон же кирүүчү жер катары кызмат кылган жай. Галерея тибиндеги бир же бир нече жагынан ачылган имарат да лоджия деп аталат (мисалы, Флоренциядагы ден Ланци лоджиясы, 1376–80).