Осетр балыктары

Huso huso.

Осетр балыктары (лат. Acipenseridae) — балыктардын ганоиддер тобундагы тукуму.

  • Тумшугу созулуңку келип, тиши жок, 4 муруту бар. Скелети кемирчектүү. Денесинде 5 катар кемирчек түрүлөрү болот. Көкүрөк сузгуч канатынын алдыңкы тармагы жоон, учтуу.
  • Кээ бир чоң Осетр балыктарынын уз. 9 мте (белуга) жетет. Осетр балыктарынын 23 турду бириктирген 4 уруусу (белугалар, осётрлар, күрөк тумшуктуулар жанa жалган курен тумшуктуулар) белгилүү. Алар Тун. жарым шарда тараган.
  • Бардыгы агын сууларда көбөйөт. Жазында жанa жайында шар аккан суунун түбүнө таштаган икрасы субстратта жабышып калат. Бир аз Осетр балыктары агын сууда жашайт.
  • Кээ бири — өтмө балыктар, икрасын өзөнгө таштап, калган тиричилигин денизде өткөрөт. Алар 8—17 жылда көбөйөт. Жырткычтары (белу­га ж. б.) да бар.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.