Чатал-Хююк

Чатал-Хююк — Түркиядагы неолит мезгилине таандык эстелик. Эски Конья көлүнүн чет жагында 13,5 гектар аймакты ээлейт. Неолит имезгилине тиешелүү болуп экиге бөлүнөт. Чыгыш Чатал-Хююк(б.з.ч 7400-6200) жана Халколит дооруна таандык Батыш Чатал-Хююк(б.з.ч.6200-5200). Чатал-Хююк деп аталганын себеби анын ар кандай бийиктиктеги эки дөбөсү айры сымал. Алгачккы цивлизациядан кабар берген бул конуш 1958-жылы Джеймс Мелаарт тарабынан ачылган. 2012-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Шаардык отурукташуунун эн ески мезгилине таандык болгон бул конушта 3000-8000 айланасында адам жашаган. Үйлөрдүн арасында көчөлөр болгон эмес. Кирип-чыгуу үчүн эшик катары үйдүн чатырынан чыгуу үчүн атайын шатылар жасалган. Бул коопсуздук үчүн болгон.Мына ошол эле шатылар жайгашкан жерде ар бир үйдө очоктор жайгашкан. Бул түтүндүн ошол жерден чыгып кетүүсү үчүн ыңгайланышкан. Конуштан бышырылган топурактан жасалган Эне Кудай айкели табылган. Мындай айкелдер берекеттин символу катары каралган.

Маданият искусствосу

чатал-Хююк дубал сүрөтү
чатал-Хююк дубал сүрөтү

Дубалдарда ар кандай сүрөттөр табылган. Бул сүрөттөр палеолит мезгилиндеги адамдардын тарткан сүрөттөрүнүн уландысы катары каралат. Аңчылыктын берекелүү болуусу үчүн ишеним катарында чагылдырылган аңчылык сахналары. Неолит мезгилинин аяктарында аңчылыкты чагылдырган сүрөттөрдүн азайгандыгын, куш мотивдеринин геометриялык сызыктар менен бериле баштаганын көрүүгө болот.

Өлүм жана өлүк көмүү

Чатал-Хююк дубал сүрөттөрүнүн биринде башы кесилген адам өлүктөрүнүн этин терип жаткан карышкырлар сүрөттөлгөн. Бул кандайдыр бир сөөк коюу жөрөлгөсү деген ой менен ачылган мүрзөдөн табылган скелеттерде мындай окуянын изи табылган эмес, алардын саны ар бир үйдө 60ка чейин жетет. Бирок, балким, өзгөчө мааниге ээ болгон бир нече өлгөн адамдардын баштары мүрзөлөрүнөн алынган. Бул баштар сакталып, кийинчерээк салтанаттарда колдонулса керек. Ушул убакка чейин дөбөдөн табылган айкелдердин көбү башы кесилген абалда табылган. Үйдүн ичнин бир тарабында көмүу үчүн арналган бир бөлүгү болгонун көрүүгө болот. Мүрзө экенин ал жердин ,бука башынын мүйүздөрү менен курчалганынан байкоого болот.Аялдардын көрүстөндөрүндө боёк палитралары, табигый айнек күзгүлөр, сөөк ийнелери, жашыл таштан жасалган кичинекей чынжырчалар, терракотадан, жезден жана түрдүү таштардан жасалган шурулар калган.

Булактар

T.C.Konya Valılığı ılk kultur veTurızm müdürlüğü"Çatal höyük"

Velı Sevın "Eskı Anadolu ve Trakya"

Selevcıa Ad Calycadnvm sayı III-2013 "Olba kazısı yayınları"